Макала жиберүү

үлгү кагаз тапшыруу видео презентация.


Конгресстин презентация тили түрк / казак / кыргыз / Азербайжан тили / англис / орус тилдери. Катышуучулар өздөрүнүн тезистерин же толук текстин https://turk-cose.ohu.edu.tr/  сайтынан электрондук түрдө жөнөтүшү керек. Кабыл алынган, катталган жана сунушталган докладдар Конгресстин жыйнактар китебинде (BOOK of PROCEEDINGS) жарыяланат. Мындан тышкары, TURK-COSE 2023   Уюштуруу комитети тарабынан тандалган англис тилиндеги докладдардын кеңейтилген / оңдолгон версиясы, рецензенттердин сунуштарына карата Eurasian Journal of Science, Engineering, and Technology жана Manas Journal of Engineering журналдарынын атайын чыгарылыштарына жарыяланууга сунушталат.


Кабыл алынган реферат же толук текст макалалар Конгресстин жыйнактар китебинде (BOOK of PROCEEDINGS) жарыяланышы үчүн төмөнкү шарттардын бардыгы аткарылышы керек:


  1. Тийиштүү басылма материалдары: Тезис же макаланын толук текстти тапшырылышы керек.

  2. Каттоо акысы төлөнүшү керек.

  3. Конгресске доклад сунуш кылынышы керек. 


Тезис жазуу шаблонун жүктөп алуу үчүн бул жерди чыкылдатыңыз. (макс. 150 МБ) 

Макаланын толук текстин жазуу шаблонун жүктөө үчүн бул жерди чыкылдатыңыз. (макс. 150 МБ) 


МАКАЛАНЫН ТОЛУК ТЕКСТИН ЖҮКТӨӨ ҮЧҮН КАДАМДАР

1-КАДАМ: Макаланы жүктөө (Make Submission)

Тутумга жүктөлө турган макала жөнүндө жалпы маалыматты (макаланын толук текстинен тышкары) киргизүү үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  1. Жөнөтүү (Make Submission) баскычын чыкылдатыңыз.

  2. Макулдук текст кутучаны (Consent) белгилеңиз.

  3. Жалпы маалымат / Макаланын аталышы (General Information/ Submission Title), Автор(лор) (Author(s)), Байланышта боло турган Автор (Contact Author), Тема багыттары (Topic Areas), Мазмун / Ачкыч сөздөр (Content/ Keywords) жана Мазмун / Аннотация (Content/ Keywords) талааларын толтуруңуз.

  4. Макала Жөнөтүү (Make Submission), Жөнөтүлгөн макаланы түзөтүү (Edit Submission), Файлды жүктөө (Upload File), Файлды көрүү (View File), Макаланы жөнөтүүдөн баш тартуу (Withdraw Submission) жана Статусту текшерүү (Check Status) үчүн Сырсөз (Password) талаада эсиңизде кала турган паролду киргизиңиз. Ушул пароль жана Макала Номериңиз аркылуу жиберилген макалаңызга өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз (пароль жана Макала Номериңиз электрондук почта аркылуу дагы жөнөтүлөт).

  5. Комментарийлер (Optional Comments) талаасына каалаганча комментарийлерди кошо аласыз.

  6. Жөнөтүү (Make Submission) баскычын чыкылдатыңыз.

МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ: Жөнөтүү баскычын чыкылдаткандан кийин, билдирүү номериңизди экранда сактап, аны унутпаңыз. Бул номер башка кадамдарда талап кылынат.


2-КАДАМ: Жөнөтүүлгөн макаланы түзөтүү (Edit Submission)

1- КАДАМга киргизилген маалыматты редакциялоо / өзгөртүү үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  1. Жөнөтүүлгөн макаланы түзөтүү (Edit Submission) баскычын чыкылдатып, ачылган терезеге Макала Номерин (Submission ID) жана Сырсөздү (Password) жазыңыз.

  2. Макалаңызга киргизгиңиз келген өзгөртүүлөрдү киргизиңиз.

  3. Өзгөртүүлөрдү сактоо (Submit Changes) баскычын чыкылдатыңыз.


3- КАДАМ: Макала файлын жүктөө (Upload File)

Макала файлыңызды тутумга жүктөө үчүн, төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  1. Файлды жүктөө (Upload File) баскычын чыкылдатыңыз.

  2. 1-КАДАМда көрсөтүлгөн Макала Номериңизди (Submission ID)  жана Сыр сөздү (Password) жазыңыз.

  3. Файл (File)  баскычын чыкылдатып, компьютериңизден жүктөөчү файлды тандаңыз.

  4. Формат (Format ) тандоосу аркылуу макалаңыздын Microsoft Word (.doc) же (.docx) форматын тандаңыз.

  5. Файлды жүктөө (Upload File) баскычын чыкылдатыңыз.


МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ: Файлды жүктөө (Upload File) баскычын рецензиялангандан кийин макалаңыздын жаңы версиясын жүктөө үчүн дагы колдонсоңуз болот. Рецензент(тер) сураган өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, ушул бөлүмдөн макаланын жаңы версиясын жүктөй аласыз.


4-КАДАМ: Файлдарды көрүү (View File)

Акыркы жүктөлгөн файлдын тууралыгын текшерүү үчүн төмөнкүнү аткарыңыз:

  1. 1-КАДАМда көрсөтүлгөн Макала Номерин (Submission ID)  жана жана Сыр сөздү (Password) жазыңыз.

  2. Файлды көрүү (View File) баскычын чыкылдатыңыз.

5-КАДАМ: Макаланы жөнөтүүдөн баш тартуу (Withdraw Submission)

Макаланы жөнөтүүдөн баш тартуу (Withdraw Submission) үчүн, төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  1. 1-КАДАМда көрсөтүлгөн Макала Номерин (Submission ID)  жана жана Сыр сөздү (Password) жазыңыз.

  2. Макаланы жөнөтүүдөн баш тартуу (Withdraw Submission) баскычын чыкылдатып, ачылган терезеден ылайыктуу жолду тандаңыз.

6-КАДАМ: Статусту текшерүү (Check Status)

Тутумга жүктөлгөн макаланын рецензиялоо кайсы этапта экенин көрүү үчүн төмөнкүнү аткарыңыз:

  1. 1-КАДАМда көрсөтүлгөн Макала Номерин (Submission ID)  жана жана Сыр сөздү (Password) жазыңыз.

  2. Статусту текшерүү (Check Status) баскычын чыкылдатыңыз.

Son Güncelleme Tarihi:19.07.2023